• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Элчи Нурлан Токобаев Кувейттин эмирине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. 8-октябрда Кыргызстандын элчиси Нурлан Токобаев Кувейттин Улуу Даражалуу эмири Шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ишеним грамоталарын тапшыруу салтанаттуу аземи Баян хансарайында Кыргызстан, Түштүк Судан, Гондурас Республикасы, Бангладеш Эл Республикасы жана Алжир Элдик Демократиялык республикасынын элчилеринин катышуусунда өттү.

Эки тараптуу жолугушууда Кувейт мамлекетинин эмири Шейх Мишаль Аль-Сабах элчи Нурлан Токобаевди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү динамикасына канааттангандыгын белгиледи. Ошондой эле элчинин дайындалышы эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын 30 жылдык мааракесине туш келгенин белгилеп, бул мамилелердин мындан ары да туруктуу өнүгүшүнө ишеним артты.

Өз кезегинде элчи Токобаев президент Садыр Жапаровдун Улуу Даражалуу шейх Мишаль Аль Сабахка саламын жолдоп, кыргыз тарап Кувейт амлекети менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле элчи кыргыз-кувейт мамилелерин чыңдоо жана кеңейтүү үчүн болгон күчүн жана аракетин жумшаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий