• 87
  • 90.41
  • 0.84

Элчи Токобаев Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттин элчиси Нурлан Токобаев Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары, Эл аралык уюмдар департаментинин директору элчи Абделазиз Аль-Жаралла менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын өнүктүрүү, алардын ичинен тараптардын эл аралык уюмдардын алкагындагы демилгелерин өз ара колдоо боюнча сүйлөшүштү.

Тоолуу өлкөлөрдү консолдиациялоо, “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча” диалогду институтташтыруу жана БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында “Тоо өнөктөштүгүн” кеңейтүү маселелери боюнча кыргыз тараптын демилгелерин Кувейт тарабынан колдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо принциптерине жана тиешелүү макулдашууларга негизделген тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий