Элчи Отунбаев менен Ага Хан фондунун өкүлү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Оттава шаарында (Канада) 10-март күнү КРнын АКШ жана Канададагы элчиси Болот Отунбаев Улуу даражалуу Ага Хандын жана Ага Хан уюмунун Канададагы өнүктүрүү боюнча туруктуу өкүлү Махмуд Эбуу менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан аларды чечүүгө багытталган аракеттерди талкуулашты.

Ошол себептен, өлкөдө социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн, өзгөчө тоолуу аймактарды жана жарандык коомду өнүктүрүүдө АКДН программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий