• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Ван провинциясында иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Аэлчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Ван провинциясында иш сапары менен болду.

КР ТИМден билдиришкендей, иш сапарынын жүрүшүндө Руслан Казакбаев Ван провинциясынын губернаторунун орун басары Мурат Яябашы менен жолугушту. Жолугушууга Ван провинциясынын миграция департаментинин директору Фырат Гуреш да катышты.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Аймактар аралык кызматташуунун алкагында Ван провинциясы менен Нарын облусунун ортосунда бир тууган аймактар мамилесин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошону менен бирге, элчи Руслан Казакбаев Ван провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Неждет Таква менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдын март айынан май айына чейин Ван провинциясынын бизнес-коомчулугунун Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашты.

Руслан Казакбаев ошондой эле Ван “Юзунчу Йил” университетинин ректору Хамдулла Шевли менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө билим берүү тармагындагы маселелер талкууланып, Кыргызстандын ЖОЖдору менен Ван “Юзунчу Йил” университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары белгиленди.

Ошондой эле Ван провинциясынын коопсуздук башкармалыгынын башчысы Мурат Мутлу менен жолугушуу болуп, анда Ван провинциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий