• 87
  • 89.77
  • 0.79

Элчи Руслан Казакбаев TÜSİAD башкармалыгынын төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Түрк өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясы (TÜSİAD) башкармалыгынын төрагасы Орхан Туран менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Орхан Туран TÜSİAD`га кирген компаниялар Түркиянын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 80%ын камсыздап жатканын, бирикменин өзүндө алдыңкы өнөр жай жана бизнес түзүмдөрүн кошкондо 4500дөн ашуун мүчө бар экенин белгиледи.

Кыргызстандын экономикасынын энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм сыяктуу приоритеттүү тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап конкреттүү инвестициялык долбоорлорду TÜSİAD мүчөлөрүнүн кароосуна сунуштады.

Элчи Казакбаев инвестициялык климатты жакшыртууга жана чет элдик инвесторлордун иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, элчи TÜSİAD делегациясын ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейтүү жана кызматташтыкты бекемдөө перспективаларын изилдөө максатында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий