• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Элчи Текебаев Шлезвиг-Гольштейн федералдык аймагынын премьер-министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Германиянын Шлезвиг-Гольштейн аймагынын Киль шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Шлезвиг-Гольштейн Федералдык аймагынын премьер-министри Даниел Гюнтер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Шлезвиг-Гольштейн ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулады. Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Шлезвиг-Гольштейндин ортосундагы гидроэнергетика, «жашыл» энергетика, айыл чарба, туризм тармактарында кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандан Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди.

Премьер-министр Д.Гюнтер Кыргызстандан Шлезвиг-Гольштейнде тийиштүү кесиптеги квалификациялуу кадрларды даярдоо, алардын келечекте Германияда жана Кыргызстанда иштеши үчүн кызматташуу зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан менен Шлезвиг-Гольштейндин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Шлезвиг-Гольштейн Германиянын 16 федералдык аймагынын бири, Германиянын түндүгүндө Түндүк жана Балтика деңиздеринин ортосунда жайгашкан. ИДП 118,68 млрд. евро (2023-ж). Деңиз соодасы маанилүү. Любек порту Шлезвиг-Гольштейндеги эң жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ болгон порт.

Шлезвиг-Гольштейнге Германиянын бардык балык уулоо флотунун үчтөн экисине жакыны жана немис пароход компанияларынын төрттөн бирине жакыны, ошондой эле Германиянын кеме куруусунун жүгүртүүсүнүн 20% жакыны тийиштүү.

Пикир

Оставить комментарий