• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Элчи Турдакун Сыдыков Ирандын айыл чарба министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын жаңы дайындалган айыл чарба министри – өкмөттөр аралык комиссиясынын иран тарабынын тең төрагасы Голамреза Гезелже менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү жана Кыргызстандын менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынынын протоколунун пункттарын ишке ашырууну илгерилетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Элчи Сыдыков ӨАКнын туруктуу жыйындарынын жана алардын жыйынтыктары боюнча белгиленген максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун маанилүү ролун белгилеп, андан ары мониторинг жүргүзүү, маалымат алмашуу жана протоколдун пункттарын ишке ашырууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн эксперттер деңгээлинде биргелешкен ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде ИИР айыл чарба министри Гезелже кыргыз тараптын 13-ӨАКнын протоколунун пункттарын ишке ашыруу процессин тездетүүгө багытталган натыйжалуу механизмдерди колдонуу зарылдыгы жөнүндө сунушун колдоп, бул маселеде толук көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Айыл чарба жана балык чарбасы, мал чарбачылыгы, ошондой эле саркынды сууларды тазалоо жана кайра иштетүү, айыл жергесиндеги сууларынын сапатын жакшыртуу боюнча тажрыйбаны жогорулатууга багытталган окуу курстарын жана семинарларды биргеликте уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий