Элчи Уланбек Тотуяев Пакистандын ТИМ башчысынын орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Ахмед Амжад Али менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар консулдук-укуктук чөйрөдө кызматташуу, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин, ошондой эле миграция жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Элчи Тотуяев чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн фактыларына өзгөчө көңүл бурду.

Тараптар консулдук жана миграциялык чөйрөдө мыйзам-укуктук базасын бекемдөө зарылчылыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2024-жылы боло турган кыргыз-пакистан консулдук консультацияларын өткөрүү убактысы жана орду боюнча алдын ала пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий