• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

ТИМден сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн бардык негизги багыттары, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык мамилелерди мындан ары колдоо боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин эки тараптуу негизде да, көп тараптуу парламенттер аралык уюмдардын алкагында да, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин форматында да тыгыз өз ара аракеттенүүсү канааттануу менен белгиленди.

Тараптар ошондой эле парламенттик деңгээлде боло турган биргелешкен тышкы саясий иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий