Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен III Элдик курултай өтүүдө.
Бүгүн, 20-декабрда анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышты. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти.
Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.
Андан кийин мамлекет башчысы кайрылуу жасап, анда негизги реформалардын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнү өнүктүрүү пландарын айтып өттү. Негизги көңүл коррупцияга каршы күрөшүү, экономикалык өсүш, чек ара маселелерин жөнгө салуу, ишкерликти колдоо, социалдык коргоону чыңдоо, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн шарттарды жакшыртууга бурулду.
Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктуралык объекттерди куруу жаатындагы жетишкендиктерди, элдин биримдигинин, каада-салтты жана улуттук баалуулуктарды сыйлоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга умтулууну чагылдырган маселелерди айтышты.
Делегаттар инфраструктураны өнүктүрүүгө жана суу менен камсыздоону жакшыртууга басым жасап, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан колдоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле айыл чарбасын жана ишкерликти колдоо боюнча чараларды көрүү өтүнүчтөрү айтылды.
Делегаттар шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.
Эскерте кетсек, эртең Элдик курултай өз ишин улантат.
Түз алып баруу УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.
Түз эфирдин башталышы - 21-декабрда саат 10:00.
Пикир
Оставить комментарий