• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

“Элдик Банктын” “Ишкер24” тиркемеси жаңы салык жана каржы кызматтары менен толукталды

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ишкерлер үчүн “Ишкер24”тиркемеси жаңы салык жана каржы кызматтары менен толукталды. Бул тууралуу “Элдик Банк” ААКсынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

MEGA жана Элдик Банк кызматташтыгындагы мобилдик тиркемеде төмөндөгүдөй кошумча кызматтар пайда болду:

- салык карыздарын текшерүү;

- салыктарды эсептөө жана төлөө;

- ККМ каттоого арыз берүү;

- бизнес-карта ачуу жана банк картасына которуу;

- ишкерлердин ортосунда которуу мүмкүнчүлүгү.

1-июлдан баштап ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө патенттер талап кылынбайт. Электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ), электрондук товар-транспорт коштомо кагазы (ЭТТН) менен иштөө жана салык отчетторун берүү боюнча кызматтар да иштелип чыгууда.

Тиркеменин негизги артыкчылыгы. Мамлекеттик салык кызматына барбастан онлайн арыз аркылуу жеке ишкерди каттоого болот. Ошондой эле ишканаңызды иштетүү үчүн “бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана банк бөлүмдөрүнүн салык, финансылык жана башка кызматтарын аралыктан эле колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мобилдик тиркеме кимдер үчүн иштелип чыкты?

• 1-июлга чейин иштин айрым түрлөрүнө патент күчүн жоготкондугуна байланыштуу жеке ишкер статусун тандап алгандарга;

• санариптик бизнести колдоо максатында ишкерлер ишкананын бардык иштөө процесстерин автоматташтыруусуна жана онлайн режимге өткөрүүгө;

• Келечекте ЖЧКлар үчүн.

“Ишкер24” тиркемесинин өзгөчөлүгү:

• жеке ишкерлерди онлайн каттоо;

• салык, каржылык жана башка кызматтар үчүн «бирдиктүү терезе» принциби;

• комиссиясыз, акысыз тейлөө;

• банк эсебин онлайн ачуу;

• тез, ыңгайлуу, убакытты жана ресурстарды үнөмдөө;

• жылдык жүгүртүүсү 15 млн сомго чейин болгон жеке ишкерлерден салык жана отчеттор алынбайт, Соцфондго гана чегерүү.

“Ишкер24” сервистер алкагы:

  • жеке ишкерлерди онлайн каттоо;
  • электрондук кол тамганы аралыктан алуу;
  • банк эсебин онлайн ачуу;
  • төлөө үчүн QR колдонуу;
  • онлайн ККМ;
  • которуулар жана төлөмдөр;
  • Мамлекеттик салык кызматындагы карыз жөнүндө маалыматтар;
  • салыктарды эсептөө жана төлөө;
  • банктын бизнес-картасын ачуу;

Иштеп чыгууда - электрондук эсеп-фактура, электрондук товар-транспорт коштомо кагазы менен иштөө, салык отчетторун берүү жана тейлөө каталогуна ылайык төлөө

“Ишкер24” мобилдик тиркемесин кантип колдонууга болот?

Сиз “Ишкер24” тиркемесин Google Play же App Store`дон акысыз жүктөп алыңыз. www.ishker24.kg сайтында тиркемени колдонуу боюнча кеңири нускама жана окуу видеосу бар.

“Ишкер24” тиркемесин жаңылоо. “Ишкер24” – ишкерлер менен биргеликте иштелип чыккан санариптик жардамчы. Тиркемеге байланышкан сунуш-пикирлер жана билдирүүлөр төмөнкү телефондорго кабыл алынат:

  • Бирдиктүү кыска номер - *2400
  • WhatsApp – (+996) 755 002 400
  • Мамлекеттик салык кызматынын байланыш борбору – 116 (иш күндөрү 09:00 - 18:00гө чейин иштейт)

“Элдик Банк” ишкерлерди 1-июлду күтуп отура бербей, ishker24.kg сайтынан тиркемени жүктөп алып, бизнесин оңой иштетүүгө чакырууда.

Салык мыйзамдарына ылайык, жеке ишкерди каттоону кароого 3 жумуш күн талап кылынат.

Белгилей кетсек, “Ишкер24” санарип чечими президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен MEGA жана “Элдик Банктын” кызматташуусу аркылуу салык реформасын колдоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, санариптик көмөктөшүү жана мамлекеттик финтех секторун түзүү үчүн ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий