Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Элдик курултайдын делегаттары жол оңдоо жана көпүрө куруу маселелерин чечип берүүнү суранышууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындай кайрылуулар бардык аймактардан келип жатат.
“Жолдорду оңдоп, калыбына келтирип берүү боюнча суроолор министрликтин карамагындагы жолдорго да, ички жолдор да тиешелүү болууда. Биз алардын бардыгын өздөрү менен сүйлөшүп, тактап жатабыз. Министрликте ар бир кайрылуу анализденет, андан соң 2025-жылы аткарыла турган иштерге камтып кетүүгө аракеттерди көрөбүз”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий