Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан III Элдик курултайда эң улгайган делегатка президент Садыр Жапаровдун атынан белек тапшырылды.
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, 98 жаштагы Улукбек Эргешов Чүй облусунан делегат катары шайланып келген.
Ага тебетей кийгизилип, чепкен жабылды.
Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, курултайга жалпысынан 689 делегат катышууда. Анын 500ү эркек, 161и аял, 61и башка улуттун өкүлдөрү.
Пикир
Оставить комментарий