Маданият министрлигинде элдик үндүү аспаптардын чеберлери сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда КР маданият, маалымат, спорт ажана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов элдик үндүү аспаптарды жасаган уста Мирбек Манапбаев, Маратбек Берикбаев, кыл кыякчы Чытырбаев Бактыбек жана Азамат Отунчиев менен жолукту.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда өнөр адамдары министр менен бирге Кыргызстанда кыл кыяк жасаган устачылык өнөрү, аны жайылтуу жана элдик үндүү аспаптардын нукуралыгы, анын келип чыгышы сындуу бир катар маселелер талкуулашты.

Усталардын жана кыяк тартуучулардын айтымында, кыл кыяктын бетинин төө териси менен капталышынын мааниси бар. Анткени, аспап жайкы чилдеде укмуштай какшайт да, укмуштуудай үн чыгат. Тумандуу күндөрдө, жаанда, кыскасы, аба ырайы бузулган чакта бир аз нымдашып, кыл кыяктын үнү анча чыкпай калат. Ошондуктан, аны кургак жерде сактоо маанилүү болуп саналаарын айтышып, өнөр ээлери улуттук аспапка аздектеп мамиле кылуу керек деп белгилешти.

Жолугууга келген өнөр адамдары жана усталар министрге ыраазычылык билдирип, мындан ары иштешүү жана салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдү мамлекеттик коргоого алуу жана колдоо боюнча бир катар иштер жүрө тургандыгын министр белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө буга чейин кыл кыяк жасаган усталар көңүл сыртында калып келгени айтылып, аны сактоого жана өркүндөтүү боюнча иштерди алдыга жылдыруу керектиги белгиленди.

Соңунда министр мындай өнөр адамдары менен сыймыктанаарын белгилеп, Маданият министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий