• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Элдин чөнтөгүнө күч келбейт — президент экономика кайсыл булактардын эсебинен өсүп жатканын түшүндүрдү

Президент 0

2024-жылдын 1-кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түздү. Мында 2023-жылдын 1-кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 3 эсеге жогорулаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул жөн эле сандар эмес, президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы экенин билдирген. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү себептерине кызыктык.​​​​​​

— Садыр Нургожоевич, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-кварталдын жыйынтыгы менен экономикабыздын өсүшү 8.8%, ал эми “Кумтөрдү” эсепке албаганда бул көрсөткүч 9.8% түзгөнүн айтты. Ушул чынбы? Мындай өсүштү камсыздоого экономикабыздын кайсыл тармактары салым кошту?

— Албетте чын. Бул расмий сандар. Улуттук статистикалык комитети ар бир сандарга көз салып, эсептеп турушат.

Мындан сырткары, Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөлдөп олтурат да. Экономикабыздын өсүшүнө бардык тармактар салым кошуп жатат.

Албетте салык төлөөчүлөр боюнча:
1. "Кумтөр"
2. "Альянс алтын" (Жерүй)
3. "Алтын кен"
4. "Нур телеком"
5. "Скай Мобайл" (Bitel)
6. "Альфа Телеком" (MegaCom)
7. "Ред Петролеум" (Альфа Ойл)
8. "Партнер нефть"
9. "Газпромнефть"
10. "Топ ночь"
11. "Айыл Банк"
12. "Оптима" сыяктуу компаниялар алдыңкы орунду ээлешет.

Ал эми экономиканын өсүшүнө, инфляциянын ылдый кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң.

— Улуттук банктын экономикабыздын өсүшүнө салымы чоң дедиңиз. Резервдерибиз канча эгер сыр болбосо? Алтын корубуз боюнча акыбал кандай?

— Эч кандай сыр деле жок. Булардын баары ачык маалыматтар. Жалпы эл аралык резервибиз бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резервибиз 30 жыл аралыгында болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон.

Бүгүнкү Улуттук банкыбыздын командасы 1 миллиард 67 миллион долларды 3 жылда эле үстүнө кошуп койду.

Алтындын запасы боюнча айтсам. 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла. 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна.

Мындан сырткары, Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүрдү. Салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда бүгүн бизде инфляция ылдый болуп турат. Бул Улуттук банктын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы.

— Учурда сырткы карыздарды төлөөдө, корголгон статьялар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик бюджетте маселе жокпу? Сырткы карызыбыз көбөйүп кетти деп сындагандар болуп жатат...

— Сырткы карыздарыбыз боюнча жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейинчи. Ушуну менен сырткы карыз деген теманы унуткулачы.

Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз. Албетте түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз сырткы карызыбыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн. Биз аларга мындан ары көңүл бурбайбыз!

2020-жылга чейин 5 миллиард доллардын тегерегинде сырткы карызыбыз бар эле. Бул сумма 30 жылдан бери чогулган сырткы карыздар болчу. Бул суммага акыркы убактагы Датка-Кемин, Түндүк-Түштүк авто жолу жана ТЭЦти модернизациялоодон башка көрүнүктүү иштер жасалган эмес.

Бирок бул 3 долбоорлор дагы өзүн-өзү 40 жылда актабаган долбоорлор болуп калыптыр.

Бул үч долбоор тең бизге керек болгон. Мен керек эмес деп айтпайм. Үчөө тең Кыргызстанга аба менен суудай керек болгон долбоорлор.

Бирок өзүн-өзү 40 жылда да актабаган долбоор экенин айткым келди. Анкени 2-3 эсе кымбат жасалып калган. Бааларды салыштырып көрсөк ушундай эле курулуштар, ушундай эле иштер керек болсо, Европа өлкөлөрүндө биздикинен 2-3 эсе арзан жасалган болуп чыкты.

Мисалы ТЭЦтин курулушуна канча каражат кетет экенин ушул тармакта адистикке окуп жаткан бешинчи курстун студенти деле эсептеп берип коймок.

Түндүк-Түштүк жолу, Датка-Кемин деле ушундай кымбат. Буга кредит берген кытай тарап күнөөлүү эмес, өзүбүздүн бийлик, өзүбүздүн чиновниктер күнөөлүү. Акчалар уурдалган.

Эми ушул мезгилге чейин чогулган 5 миллиард доллар сырткы карыздарыбызды бүгүнтөн баштап 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз. Төлөө мөөнөтү менин командамдын пешенесине туш келди. Кудайга шугур. Биздин күчүбүз жетет. Экономикабыз көтөрүлүп калды. Өлкөбүздө тынчтык жана стабилдүүлүк болуп турса эле кыйналбай төлөп коёбуз.

Эсиңерде болсун: Буга чейинки карыздарды элдин эсебинен, жалпы Республикалык бюджеттен төлөйбүз. Себеби буга чейинки бир да өзүн өзү актаган долбоорлор жок. Алынган акчанын баары кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кеткен.

Ал эми азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкретүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн өзү актай турган долбоорлого алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушуна 5-6 миллиард доллардын тегерегинде акча каражаты жумшалат. Бул долбоор бүтүп ишке киришкен күндөн баштап 13-15 жылда өзүн өзү толук актайт. Бул долбоорго кеткен карызды кайтаруу убагы келгенде Республикалык бюджет, эл төлөбөйт. Карызды кайтаруу мөөнөтү келгенче эле “Камбар-Ата 1” ГЭСи өзүн өзү актап бүтөт. Кантип дебейсизби?

Мисалы Дүйнөлүк банк 500 миллион долларды пайызы жок, 10 жылдык льготалык мөөнөт менен 50 жылга берип жатат. Мындай шарт менен кредит алуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.

Эми “Камбар-Ата 1” жөнүндө айтсам.

Куруу мөөнөтү 8-10 жыл. Куруп бүтүп, иштеп баштаган күндөн баштап, курулушка кеткен 5-6 миллиард доллар акчаны 13-15 жылда толук актап бүтөт. Ошондо “Камбар-Ата 1ге” кеткен чыгым куруу мөөнөтү менен кошуп эсептегенде эң узак дегенде 25 жылда толук актайт.

Ошондуктан сырткы карызыбыз 10-15 миллиард долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот. Эң негизгиси буга чейинки карыздарыбызды 2035-жылга чейин толук төлөп бүтөбүз. Андан ары канча суммада карыз болсок дагы ал карыздарды ар бир долбоор өзүн актап, өзү төлөп кете берет. Республикалык казнага, элдин чөнтөгүнө күч келтирбейт. Албетте жолдорду курууга алынган карыздарды эсепке албаганда. Мен ири долбоорлорду гана атадым. 7-8 жылда өзүн өзү актачу кичи жана орто ГЭСтердин долбоорлору бар. Аларга да инвестиция тартышыбыз керек. Биз азыр дүйнөлүк климаттык фондко кайрылып жатабыз. Эгер алар жардам бере турган болсо, биз толук жашыл энергетикага өтүп кетебиз. Башка тармактарда дагы көптөгөн долбоорлорубуз бар. Баарын майдалап айтып олтурбайын. Аларды жеке инвесторлор менен жана күчүбүз жеткенин бюджеттин эсебинен ишке ашырып жатабыз.

Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат.

— Ишиңерге ийгилик каалайм.

Маектешкен "Кабар" КУМАнын башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий