• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Аймак 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Элечек ЮНЕСКОнун "Элечек аялзатынын касиеттүү баш кийими, салттуу билим, каада-салт, ырым-жырымдар" номинациясы боюнча маданий мурастар тизмесине катталды. Бул тууралуу ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз кабарлады.

Тиешелүү чечим 4-9-декабрь күндөрү Ботсвананын Касан шаарында ЮНЕСКО комитетинин материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча 18-сессиясында бир добуштан кабыл алынды.

Быйылкы жылы сунушталган 60 номинациянын ичинен "Элечек, кыргыз аялдарынын баш кийими салттуу билимдер жана ырым-жырымдар" номинациясы эл аралык эксперттер тарабынан мыкты даярдалган деп табылган 18 номинациянын катарына кирет.

Аталган номинацияны даярдоо боюнча иштер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "Миң кыял" коомдук фонду, ЮНЕСКОнун алдындагы КРнын туруктуу өкүлчүлүгү, ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР Улуттук комиссиясы тарабынан акыркы үч жылдан бери жүргүзүлүп, 2021-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына сунушталган.


Элечек — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий