• 86.8
  • 91.46
  • 0.87

Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт

Экономика 0

Бишкек, 20.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Электр энергиясына болгон тарифтер 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын жаз мезгилинде өкмөт электр энергиянын жаңы тарифин бекитип берген. Ал 2022-жылга чейин өзгөрбөйт.

"Электр жарыгы 700 киловатт-саатка чейин колдонулса 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөнөт. Тоолуу аймактарда ал чек 1000 киловатт-саатка чейин. Ал лимиттен ашса 2,16 сом төлөнөт. Калган абоненттер 2,24 сомдон төлөшөт. Ошондой эле балдар үйү үчүн жаңы тариф киргизилген. Алар 1 киловатт-саат үчүн 1,58 сомдон берет. Ал эми майнинг-фермалар 2,91 сомдон төлөшөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий