• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

"Электр станцияларынын" директорлор кеңешинин мүчөлөрү ГЭСтердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. "Электр станциялар" ААКнын директорлор кеңеши иш сапары менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Тактап айтканда, директорлор кеңешинин мүчөлөрү ГЭСтин курулушуна инфраструктураны даярдоонун жүрүшү (жол, транспорттук туннель, көпүрө, ЛЭП 110 жана 110 кВ көмөк чордонун) жана компаниянын объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышышты.

Ошондой эле алар иш сапардын жүрүшүндө Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги №2 гидроагрегатынын курулуш-монтаждоо иштеринен тартып ишке киргизүү боюнча долбоордун жүрүшүн, Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги курулуш иштерин жана Үч-Коргон ГЭСинде жасалып жаткан модернизациялоо жумуштарын жеринде көрүп, аткарылып жаткан ар бир долбоор маанилүү жана өз убагында бүтүрүлүшү керек экенин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий