• 87
  • 90.59
  • 0.87

Электр тармактарындагы коррупция. "Чыгышэлектр" ишканасынын Нарын филиалынын кызматкерлери кармалды

Коом 0

Бишкк, 01.03.22. /Кабар/. “Чыгышэлектр” ААКсынын Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 28-февралында Башкы прокуратуранын тергѳѳ тобу тарабынан Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., “Чыгышэлектр” ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., Ж.А.М., кармалышып, Нарын ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда аталган сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий