Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. Жума күнү, 20-октябрда, саат 13:30да Панфилов РЭТине Панфиловское айылынын тургундары чалып, Ташкентская/Южная көчөсүндө жайгашкан №154 трансформаторунан күйүк жыттанып жатканын айтышкан. Текшергенге келген оперативдүү-чыгуу бригадасы курулай трансформаторду жана күйүп кеткен жогорку вольттогу сактоочун көрүшкөн. Ниети бузуктар 200 кг трансформатордук майды куюп алышкан. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, бир күн мурун, 19-октябрда, Москва районуна караштуу Петровка айылында белгисиз адамдар Беш-Терек жана Больничная көчөлөрүндө жайгашкан эки трансформатордон (№№ 249, 539) жалпысынан 450 кг майды куюп алышкан. Шаршемби күнү, 18-октябрда, ушул эле айылдын Центральная көчөсүндө жайгашкан №777 трансформаторунан 200 кг май уурдалган. Жабдуунун жогорку вольттогу сактоочу күйүп кеткен.
Москва районуна караштуу Беловодское айылында 13-октябрды караган түнү айыл жээгинде жайгышкан сыраа заводу тараптагы № 227 трансформаторунан 200 кг майы уурдалган.
Ошол эле күнү Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын Луговая көчөсүндөгү эки трансформатордук көмөкчордондордон белгисиз адамдар 490 кг трансформатордук майды куюп кеткен. Быйылкы жылдын сентябрь айынын соңунда дагы Беловодское айылында 205 кг май уурдалганы катталган.
Бардык уурдалган окуялар боюнча энергетиктер материалдарды РИИБке тапшырган, келтирилген чыгымдардын суммасы такталууда
Пикир
Оставить комментарий