• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Elektromed Elektronik А.Атамбаеге 35 млн доллар төлөнгөндүгүн ырастады

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Elektromed Elektronik Алмазбек Атамбаеге 35 млн доллар төлөнгөндүгүн ырастады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине компаниянын маалымат бөлүмү билдирген.

Алардын маалыматы боюнча, «Термикель Груп» компаниясы 1957-жылы негизделип, Аргентинадан Англияга чейин, Германиядан Туниске чейин 70тен ашык өлкөгө өз продукциясын экспорттоп келет. «Термикель” компаниясына кирген “Электромед” фирмасы дүйнө жүзү боюнча эсептегичтерди чыгарган компаниялардын ичинен 4-чү болуп саналат. Жаратылыш газынын, электр жана суу эсептегичтерин өндүрөт.

“Акыркы кездерде Кыргызстандын ЖМКларында жаран Эдил Байсаловдун негизсиз комментарийлерине таянып биздин фирмалар тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бул туура эмес, жалган жана толукталбаган маалымат зыян алып келүүдө. Буга байланыштуу бизге түшүндүрмө берүү зарылдыгы пайда болду”, - деп түшүндүрүштү компаниядан.

“Ар бир адамдыкы сыяктуу эле, фирманын дагы жеке укуктары бар. Өзгөчө каржылык отчеттуулук жана бардык маалыматтар коммерциялык сыр болуп саналат. Бул маалыматтар белгилүү бир сандагы адамдарга гана жеткиликтүү болушу керек. Маалымат башка адамдардын, анын ичинде атаандаштардын колуна тийсе, фирмага олуттуу зыян алып келиши мүмкүн; ошондой эле, маалымат үчүнчү жактарга жана мамлекеттик мекемелерге ийгилик жана фирманын экономикалык жетишкендиктери үчүн жарыяланбайт. Мындай аракеттер Түркияда кылмыш катары эсептелет”, - деп билдиришти Elektromed Elektronik компаниясынан.

“Кыргызстандын жарандарын 2003-жылы биздин компания тарабынан Алмазбек Атамбаевге борбору Измирдин ESBAŞ эркин соода аймагында жайгашкан Gülcanlar Elektrik Elektronik Ltd.Şti. акцияларынын 90 пайызы үчүн 2002-жылдын 27-декабрына карата катталган 50 млрд түрк лирасы өлчөмүндөгү капитал боюнча 92720 каттоо номери менен 35 миллион доллар төлөнгөндүгүн ачык билдиребиз”.

Gülcanlar Elektrik Elektronik Ltd.Şti. 90 пайыз акцияларын сатуу 45 млрд түрк лирасына бааланган (2005-жылдын 31-январында Түркияда деноминация жүргөн).

“Түркиянын эркин аймагы тууралуу Жобого ылайык, бул процедура мамлекеттин салыктык жоготууларына алып келген жок. Фирманын катталган капиталы жана чыныгы баалары ар кандай болушу мүмкүн. Бул процедура төмөнкүдөй ишке ашырылган: 2002-2003-жылдары катталган уставдык капиталы 30 миң доллар болгон фирманын 90 пайыз акциясы Алмазбек Атамбаевден 35 миллион долларга сатылып алынган. 2006-жылы фирманы каржылык жоюу процесси аяктаган жана «Gülcanlar» фирмасы каржылык жана физикалык курамы менен ишмердигин «Elektromed Elektronik» компаниясы катары уланткан”, - деп кошумчалашты компаниядан.

Булагы 24.kg

Пикир

Оставить комментарий