• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Электрондук китептердин варианттары "Электрондук мектеп" платформасына жүктөлөт

Билим 0

Бишкек, 26.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Электрондук китептердин варианттары "Электрондук мектеп" платформасына жүктөлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бир жуманын ичинде электрондук китептер платформага жүктөлүп бүтөт.

"Ата-энелер китептердин электрондук варианттарын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулардын дагы жана мугалимдердин дагы колдонуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жалпы республика боюнча окуу планында кандай китептер жетишпей жаткан болсо, биз электрондук түрлөрүн жеткиликтүү кылабыз. Электрондук китептер жөн эле PDF-форматында эмес, ал мультимедиалык материалдарды камтыйт. Башкача айтканда, презентациялардын аудио, видеосу сунушталат", - деди ал.

Ошондой эле Муратбек Касымалиев окуу китептерди "Электрондук китепкана", "Билим булагы" жана "Айбилим" порталдарынан тапса болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий