Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Эртең, 8-мартта саат 19:00дөн 20:00гө чейин Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана "Түндүк" тиркемеси иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Ведомстводон белгилешкендей, бул убакта техникалык иштер жүргүзүлөт.
Министрлик жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Пикир
Оставить комментарий