Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу мөөнөттөрү бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги токтому менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби, Кыргызстандын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо, ошондой эле мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар бекитилди.
Бул ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында товарлардын, анын ичинде идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон мунай продуктуларын жана товарлардын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүү максаттарында аткарылды.
Ошондой эле токтом менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуу мөөнөттөрү бекитилди.
Алсак, ЭТТК маалыматтык системасынын катышуучусу катары төмөнкүлөр каттоодон өтүүгө тийиш:
– 2022-жылдын 15-майынан тартып – Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;
– 2022-жылдын 1-июлунан тартып – Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;
– 2023-жылдын 1-январынан тартып – салык төлөөчүлөрдүн башка категориялары.
Салык төлөөчү ЭТТКны милдеттүү колдонуу киргизилген күнгө чейин катышуучу катары ыктыярдуу тартипте каттала алат.
“ЭТТК” маалымат системасы ЭТТКди тариздөөгө, аны реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берген салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.
Электрондук документ жүгүртүүнүн кагаз жүгүртүүдөн шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдыгы болуп саналат, ал ишкердик субъекттерине ЭТТКны (анын ичинде түзөтүлгөндү) контрагенттер менен бир нече мүнөттүн ичинде алмашууга мүмкүндүк берет, ал эми мурда документтердин (кагаз) түп нускасын башка аймакта жайгашкан контрагентке жөнөтүү бир канча күндүк жана ал тургай жумалык убакытты алып келген.
Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.
Пикир
Оставить комментарий