• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Түндүк» тутумунун алкагында ведомство аралык электрондук өз-ара натыйжалуу аракеттешүүсүн киргизүү максатында түзүлгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, бир эле мезгилде «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы маалыматтык тутумдардын аракеттешүүсүнө талаптарды бекитүү жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлган.

«Түндүк» долбоорунун максаты мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ыкчам алууну, ошондой эле аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдары ортосундагы мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууну, электрондук форматтагы маалыматты издөөдө, иштеп чыгуу жана жөнөтүүдө чыгашаны минималдаштырууну камсыздоо эсебинен мамлекеттик бийлик органдарындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Түзүлгөн «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун оператору болот. Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөткөн, же аны көрсөтүүгө катышы бар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалымат алмашуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.

Борбор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумунун өз ара аракеттешүүсүн «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тумунун жардамы аркылуу камсыздап, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик маалыматтык тутум администраторлоруна уюштуруучулук жана методологиялык колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий