• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Элибиздин эгемендүүлүккө болгон умтулуусу башка өлкөлөргө үлгү болот – Шакиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/ . Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август – Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Кылым карыткан кыргыз тарыхына көз чаптырсак, улутубуз тагдырдын далай сыноосун башынан өткөрүп, бирде толуп, бирде бөксөрүп келди. “Баатырды мезгил жаратат” - дегендей, ошондой оор кырдаалдарда калктын түйшүгүн тартып, түндүгүн көтөрүү милдети эл арасынан чыккан азаматтарга жүктөлүп, алар улуттун улуу уулдарына айлана алышты. Анткени, мамлекеттин кайра жаралуусу, анын түптөлүшү оңойго турган эмес. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев өңдүү кыраандарыбыз кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп, бүгүнкү эгемендигибиз үчүн курман болушкан. Эгер алар эрктүүлүк менен элибиздин келечеги үчүн күрөшпөгөндө улутубуздун бүгүнкү абалы кандай болору белгисиз эле. Андыктан, кайрадан калыптанган эгемендигибиздин алгачкы пайдубалы болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн мезгилге татыктуу баа берилип, андагы инсандардын эрдиги эч качан унутулбашы керек.

Ошондой эле мындан туура 33 жыл мурун 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланган. Ошондуктан, Эгемендүүлүк күнү да элибиз үчүн чоң майрам катары белгилениши шарт. Анткени эгемендик бардык эле элге бериле бербеген чоң мүмкүнчүлүк, улуу мурас, табылгыс кенч. Көз карандысыздыкты эңсеп, бирок мекени жана эгемендиги жок улуттар дүйнөдө жүздөп саналат. Андыктан эгемендиктин кадырын билели. Бабалардан мураска калган ушул кутту бекем сактап, көз карандысыз өлкө деген улуу наамды урпактан-урпакка уланталы.

Кадырлуу мекендештер!

Көз карандысыздыкка жетишкен бул жылдар аралыгында өлкөбүз көп өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Саясий туруксуздук, экономикалык каатчылык өнүгүүгө терс таасирин тийгизип, калкыбыздын жашоо турмушун оорлотту. Натыйжада бийлик алмашып, саясий коогалуу окуялар арбын болду. Албетте ар бир жагдайга тарых өз баасын берет. Бирок, элибиздин эгемендикке, эркиндикке болгон умтулуусу башка өлкөлөр үчүн үлгү болуп кала берет.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл толгон учурда өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы барагын ачып, олуттуу реформалардын ишке ашырылып жаткандыгы өзгөчө белгиге ээ. Айрыкча азыр бардык бийлик бутактары мыйзам үстөмдүгү орногон, күчтүү экономикага ээ, алдыңкы мамлекет куруу аракетинде. Бардык тармактарда жаңылануулар болуп, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Социалдык мекемелер курулуп, жолдор оңдолуп, айлык маяналар, пенсия, жөлөк пулдар эселеп көтөрүлүүдө. Өндүрүштүк ишканалар ачылып, жаңы иш орундары түзүлүп, инфраструктура жакшырууда. Албетте бул чек эмес. Ынтымак жана биримдик менен дагы алдыга умтулсак, жакынкы аралыкта Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айлантарыбыз анык. Ал эми Жогорку Кеңеш башка бийлик бутактары менен тыгыз иш алып барып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоо аркылуу керектүү мыйзамдарды ыкчам кабыл алууну улантат. Анткени мамлекеттеги ар бир маселе, ар бир реформалык аракет парламентте талкууланып, эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөндө гана жакшы жыйынтык берет. Бизге азыр саясий оюндар эмес, сапаттуу натыйжалар керек. Андыктан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектене берели. Айрыкча улуттук баалуулуктарыбызды унут калтырбай, урпактарыбызга жеткирели.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак менен биримдик каалайм! Кызыл байрагыбыз жеңиштерде желбиреп, түндүгүбүз бийик, уугубуз бекем, керегебиз кенен болсун!"

Пикир

Оставить комментарий