Эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр тууралуу билдирүү үчүн “Вакцинация kg" тиркемесин колдонууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр тууралуу билдирүү үчүн “Вакцинация kg” мобилдик тиркемесин колдонууга болот. Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаментинин фармакологиялык көзөмөл секторунун башчысы Жылдыз Жумабаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жарандар ошондой эле Республикалык иммунопрофилактика борборунун ыкчам телефонуна байланышуу мүмкүн: 0800 800 26 26.

Пикир

Оставить комментарий