• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда 11 агенттикке чет өлкөлөргө ишке орноштурууга тыюу салынды. Тизме

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим "Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" жобонун ченемдеринин негизинде кабыл алынды.

Чет өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынган агенттиктердин арасында төмөнкүлөр бар:

  • "Вайс Групп" ЖЧК (Литва);
  • "Селф виза" ЖЧК (Финляндия);
  • "Работа есть" ЖЧК (Россия);
  • Койгелдиева Ж.Э. (жеке ишкер) (Польша);
  • "Айя-София" Европага убактылуу жумуш" ЖЧК (Польша, Финляндия, Венгрия);
  • "Fly Go" ЖЧК (Чехия);
  • "Гоу Ту Германи" ЖЧК (ФРГ);
  • "Интернешнл Лигал Бридж" ЖЧК (Польша);
  • "Глобал Стади Сервис" ЖЧК (Россия, Турция);
  • "Лаки Джоб" ЖЧК (Болгария);
  • "Адимаворк" ЖЧК (БАЭ, Катар).

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат, алардын тизмеси жогорудагы сайтта жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий