• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Эмгек министри Базарбаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын съездине катышты

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын XXV-Съездине катышты.

Аталган иш-чара Кечээ, 6-апрелде, мамлекеттик “Ала-Арча” резиденцияда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан Федерация профоюздарынын өкүлдөрү келди.

Министр Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө, биргеликте кызматташып, бул тармактагы иштерди кайрадан жандандырууга чакырды.

“Биз санариптештирүү доорунда жашап жатабыз. Бул мезгил бизден жаңы көндүмдөрдү талап кылууда. Ошондуктан, биз эмгектенген ар бир жарандын эмгек укугун, алардын кызыкчылыгын коргоо боюнча иштерди карап чыгууга тийишпиз. Мамлекеттин камкордугуна муктаж жарандар четте калбаш керек. Ага көрсөтүлгөн кызмат сапаттуу, ачык, өз убагында болушу зарыл”, - деди ал.

Ошондой эле министр ар бир жаран кылган эмгегин патриоттуулук, ак ниет менен аткарууга тийиш экенин баса белгилеп, КР президенти Садыр Жапаров “Жарандардын руханий – адеп-ахлак өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” кол койгон биринчи Жарлыгын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий