Эмгек министри Чүйдөгү инфраструктуралык долбоорлордун натыйжалары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы инфраструктуралык долбоорлордун натыйжалары менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматта белгиленгендей, бул программа бир нече жылдан бери оң натыйжаларды берүүдө. Анын алкагында инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорго катышуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы жана ун таратылат. Мисалы, 2023-жылы бул программанын алкагында 14 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, же 76,8 миң адам 4,2 миң тонна азык-түлүк түрүндө социалдык жардам алышкан.

"Сосновка айылында программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү тарабынан "Таш" ирригациялык каналынын бөлүгү жана Биринчи май айылындагы башкы ирригациялык каналдын 0,75 чакырымы калыбына келтирилди. Ал эми Москва районунун "Манас" социалдык айылында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 21 адам ар кандай кол өнөрчүлүктү үйрөтүүгө катышты. Муну менен алар келечекте кошумча киреше таба алышат", - деп белгиледи Жылдыз Полотова.

Министрдин айтымында, буга катар эле социалдык жардам да ишке ашырылууда, анын алкагында "жумушка (окууга) акча каражаты" схемасы боюнча шашылыш колдоо көрсөтүлүп жатат.

"Учурда бул схема боюнча 211 долбоор ишке ашырылды, ага 5 миңден ашуун үй-бүлө же 26,5 миң адам катышты. Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 66,8 млн сом бөлүнгөн", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий