• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Эмгек министри: Мамлекетке ишеним жоготкон ар бир соцкызматкер жооп берет

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бардык түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, социалдык стационардык мекемелердин жетекчилери менен видеоконференция байланыш аркылуу республикалык кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр Улуттук туруктуу өнүгүүнүн стратегиясында социалдык коргоонун жаңы системасын түзүү милдети коюлганын эске салды.

"Бардык күч-аракет социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн күчөтүүгө, биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталышы керек. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиялар коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда биздин милдетибиз жөлөк пул төлөө эле эмес, адамдардын көз карандысыз болушуна жана үзгүлтүксүз киреше алуусуна жардам берүү. Буга жетишүү үчүн министрлик суроо-талапка ээ болгон кесиптерди бекер, ар кандай жумушка орноштуруу жана ишке орноштуруу жолдорун үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, социалдык контракт сыяктуу киреше алып келүүчү долбоорлорго катышууну сунуштайт. Бирок катышуу ыктыярдуу болушу керек", - деди ал.

Жылдыз Полотова аймактык түзүмдөрдүн жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан муктаж жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн укуктарынын бузулушу же функционалдык милдеттерине кайдыгер мамилеси үчүн жетекчилер жоопкерчиликке тартылаарын баса белгиледи.

"Мамлекетке, социалдык коргоо системасына болгон ишенимдин жоголушу үчүн ар бир адам башы менен жооп берет", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий