• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Эмгек министри менен БУУнун атайын баяндамачысы майыптардын укуктарын талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жана БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс Кыргызстанда инклюзивдик саясатты ишке ашырууну талкуулашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Полотова БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын алкагындагы милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.

"Биздин өлкөдө инклюзия чөйрөсүндө маанилүү структура болуп Министрлер Кабинетине караштуу майыптар боюнча Кеңеш саналат, ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген уюмдарга, ошондой эле майыптыгы бар жарандардын өздөрү чечим кабыл алууга катышууга мүмкүндүк берет. Калктын аз мобилдүү топторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын чаралары багытталган", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык кызматтардын сапаты, жарандарды күбөлөндүрүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана республиканын инфраструктурасынын жеткиликтүүлүгү маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун күч-аракеттери бириктирилген.

Пикир

Оставить комментарий