• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Эмгек министри Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Эмгек министри республиканын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын жарандарын жумуш орундары жана татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

"Жылдын аягына чейин 250 миң жумушчу орун түзүлөт. Эмгек акы бардык тармактарда, биринчи кезекте жеңил өнөр жай, курулуш тармагында өсүүдө. Эмгек министрлиги өз ишин ачууну көздөгөндөргө олуттуу колдоо көрсөтүүдө", - деди ал.

Жылдыз Полотова диаспоралардын өкүлдөрү менен миграция чөйрөсүндөгү бир катар маселелерди талкуулады, анын ичинде миграциялык каттоого туруу, акыркы өзгөртүүлөргө ылайык медициналык текшерүүдөн өтүү жана дактилоскопиялык каттоодон өтүү, Россияда кыргыз жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгү жана башкалар.

Эмгек министри бардык катышуучуларды кабыл алган өлкөнүн мыйзамдарын урматтоого жана так сактоого, ошондой эле Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын арасында алардын укуктук ченемдерин жогорулатуу максатында кеңири масштабдуу маалыматтык-агартуу кампаниясына жигердүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий