• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Эмгек министри социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу социалдык коргоо кызматкерлери!

Сиздерди социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Социалдык коргоо – ар бир мамлекеттин саясатынын маанилүү курамдарынын бири экендигин жакшы билебиз.

Акыркы жылдары президент Садыр Жапаров социалдык коргоо саясатын жаңы нукка буруп, өлкөбүздөгү адамдык капиталды өнүктүрүүгө, инклюзивдик социалдык коргоо системасын түзүүгө басым жасоодо.

Адамды сүйүү, керт башын ойлобогондук, мээримдүүлүк, боорукердик, - бул социалдык кызматкерлер ээ болгон адамдык мыкты сапаттар.

Социалдык кызматкердин жумушу дайыма абдан маанилүү. Анткени социалдык кызматкерлер күнүмдүк иши менен жалпы мамлекеттик милдетти – өлкөбүздүн ар бир жараны социалдык адилетүүлүк жана социалдык кепилдиктер менен камсыз болушуна өз салымдарын кошуп келишет.

Акыркы жылдары социалдык тармактагы көп жылдан бери чечилбей келген бир катар көйгөйлүү маселелер онунан чечилди.

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү масштабдуу түрдө жогорулатылды, аз камсыздуулук боюнча жөлөкпул алуучуларга электр энергиясына жеңилдик берилди, жаңы кызматтар киргизилди, жатак-үйдө жашагандардын тамак-ашына бөлүнгөн чени, социалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Социалдык контракт” долбоору ишке киргизилди.

Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, жана коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында министрлик санарипке өтүп жатат.

Бүгүнкү күндө бир катар кызматтар онлайн форматка өттү, маалымкаттар автоматташтырылды, 190 минден ашык аз камсыз үй-бүлөгө санарип социалдык паспорт толтурулду.

Ошондой эле акыркы жылдары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колдоосу менен социалдык кепилдиктерди каржылоо жакшырып, Министрликтин бюджети дээрлик 86% өстү.

Жалпысынан айтканда жылына министрлик бир миллиондон ашык адамга ар кандай кызматтарды көрсөтүп келет. Анын ичинде 900дон ашык социалдык кызматкерлер 10 миңге жакын адамды үйүнө барып тейлейт.

Ошентсе да, алдыга койгон маанилүү пландар бар. Учурда министрлик социалдык кызматкерлердин статусун/макамын көтөрүү маселесин иштеп жатат. Атап айтканда, биз социалдык кызматкерлердин эмгек шарттарын, социалдык камсыздоосун жакшыртуу, жана бул кесипти эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга умтулуудабыз.

Ошону менен бирге, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, социалдык кызмат рыногун өнүктүрүү жана кенейтүү, жаны заманбап механизмдерди киргизүү сыяктуу иштер аткарылат.

Биздин кесиптик майрам эң бир боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун манызы деп жардамга муктаж болгондорго кызмат өтөгөн адамдарды бириктирет.

Улуу акылман жазуучу айткандай эле, “Жакшылык жолдо жатпайт, аны кокустан таба албайсын. Адам жакшылыкты адамдан үйрөнөт”.

Социалдык кызматкерлердин күнүмдүк эмгеги бул сөздөрдүн чындыгынын далили десем жанылышпайм.

Урматтуу кесиптештер, ушул салтанаттуу күнү Сиздердин береке чачкан эмгегиңиздер ар дайым сыймык, кубаныч тартуулап, коомчулук тарабынан дайыма жогору бааланып, урмат сыйга ээ боло беришине тилектешмин.

Барыныздарга чын ден соолук, руханий чыдамкайлыкты жана бекемдикти, бакубат жашоо каалайм.

Ар бир үйдө тынчтык, бактылуулук жана ынтымак болсун, сүйүктүү мекенибиз өркүндөп, өсө берсин!

Барыбыз биргеликте ак ниет менен аткарган иштерибиз дайыма ийгиликтер менен коштолсун.

Биз Сиздер менен дайыма сыймыктанабыз жана сиздердин татаал, бирок асыл ишиниздерди жогору баалайбыз.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!"

Пикир

Оставить комментарий