• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Эмгек министрлиги 88 миңден ашык мигранттардын балдарын аныктады, алардын 24ү зомбулукка кабылган

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 312 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүп, мигранттардын 88 миң 64 баласын аныктаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, 72 миң 235 баланын ата-энеси чет өлкөдө жүрсө, калган 15 миң ата-энеси ички мигранттар.

"Министрлик тарабынан аныкталган 88 миң 64 баланын ичинен 24 бала зомбулукка (9 бала - физикалык, 8 бала - сексуалдык, 7 бала - психологиялык) кабылган. Бардык балдар көзөмөлгө алынып, каттоого алынды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий