• 87
  • 90.63
  • 0.79

Эмгек министрлиги ата-энелерди балдарга кам көрүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги КР Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөрүн эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле КР Үй-бүлө жана Балдар жөнүндө кодекстерине ылайык, ата-энелер (алардын ордуна өтө турган адамдар) баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, жөндөмдүүлүгүнө жараша иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү.

Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Атап айтканда, КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө Жобо" боюнча, үй-бүлө турмуштук оор кырдаалда болсо, каттоого алынып, үй-бүлө менен жекече иштөө планы түзүлөт. Бул планга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн шарттарына тыкыр көз салууга, ошондой эле алардын бакубаттуулугу үчүн коом жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликти эске алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий