• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эмгек министрлиги "Бек Кабель" ишканасын кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Күн мурун Аламүдүн районундагы "Бек Кабель" электр кабель заводунда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова ишкананын директору Жолдошбек Ибраев менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун темасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылган 100 ишкананын биринде кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшүү болду.

Жолдошбек Ибраевдин айтымында, заводдо 64 адам иштейт, орточо айлыгы 30-35 миң сом. Ишкана эмгек рыногунда талап кылынган адистерге муктаж (волочильщик, опрессовщик, скрутчик, перемотчик, ширетүүчү, электрик, светомеханик ж.б.). Завод электр кабелдерин чыгарууга багытталган, бул Кыргызстандагы электр кабелдеринин баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

"Кадрлар менен камсыз болгондо Кыргызстанда колдонулган бардык кабелдик продукцияларды чыгарууга толук мүмкүн. Келечекте 200-400 жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда", - деди ал.

Эмгек министри Жылдыз Полотованын айтымында, ведомствонун ишинин маанилүү багыты болуп Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактары үчүн адистерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу саналат.

"Ишканада айрым талап кылынган кесиптер боюнча окутуу программаларынын жоктугуна байланыштуу, аталган маселени КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштеп чыгуу керектиги айтылды. Биринчи жарым жылдыкта эле министрлик аркылуу эмгек рыногунда талап кылынган 4 миңден ашык адис даярдалды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% га көп", - деди министр.

Кадрлар менен камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ишканага болгон иш сапардын учурунда Эмгек министрлигинин алдындагы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы эмгекти коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий