Эмгек министрлиги гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча консультацияларды улантууда

Коом 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ысык-Көл облусунда гендердик теңчилик боюнча аймактык консультациялардын кезектеги жыйынын уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Эмгек министринин милдетин аткаруучу Жылдыз Полотова видеоконференция аркылуу байланышып, “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча консультациялар жүрүп жатканын белгиледи.

"Бул мыйзам долбоору президенттин мыйзамдарды инвентаризациялоо жана ченемдик укуктук актыларды колдонуудагы Конституцияга ылайык келтирүү жөнүндөгү жарлыгынын негизинде иштелип чыккан. Саясий, экономикалык жана социалдык бардык деңгээлдердеги чечимдерди кабыл алууга аялдардын толук жана бирдей катышуусун камсыз кылуу үчүн биз кенен консультацияларды өткөрөбүз.

Буга чейин ушундай эле иш-чара Таласта уюштурулса, бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустары менен гендердик теңчиликти талкуулап жатабыз. Калган аймактар жана Бишкектеги конференция улуттук деңгээлде кийинки кезекте турат", - деп белгиледи ал.

Консультациялардын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, зомбулук жана басмырлоо маселелери менен алектенген коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан "InKoom - Кыргызстанда инклүзивдүү коомдуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий