• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги ишке орноштуруу агенттиктерине көзөмөлдү күчөтүү чараларын сунуштады

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы долбоорун коомдук талкуулоону уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыттын айтымында, ачык диалог Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева эмгек миграциясынын коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин мыйзамдык колдоо жана натыйжалуу жөнгө салуу негизги фактор экенин белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишинин ачыктыгын камсыздоо, жарандарды жана жөнөтүүчүлөрдү маалыматтык жана юридикалык жактан колдоо, ошондой эле чет өлкөдө иштегенден кийин мекенине кайтып келген адистерди реинтеграциялоо боюнча чаралар талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле жаңы талаптарды жана стандарттарды аткаруу боюнча мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү жөнүндө макулдашылды.

Иш-чара Solidarity Center борборунун колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий