• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги: "Келечек" борборунда 760тан ашык бала реабилитациядан өттү

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Бир жарым жылда "Келечек" балдар реабилитациялык борборунда 760тан ашык бала реаблитациядан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, "Келечек" балдар реабилитациялык борбору президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Ал эки режимде иштейт: стационардык жана күндүзгү. Борбор таяныч-кыймыл аппаратынын, неврологиялык бузулуулары бар балдарга, ошондой эле аутизм спектринин орточо бузулушу жана Даун синдрому бар балдарга кызмат көрсөтөт.

2023-жылы 444 бала реабилитациялык кызмат алышса, үстүбүздөгү жылдын 6 айында борбордо 324 бала реабилитациядан өткөн.

Ысык – Көл облусунан-62, Бишкек шаарынан — 54, Чүй облусунан — 50, Нарын облусунан — 46, Ош облусунан — 39, Талас облусунан — 28, Жалал — Абад облусунан — 24, Баткен облусунан — 21. Учурда 71 бала реабилитациялык кызмат алышууда.

Борбордо ата-энелер үчүн балдар менен иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча сабактардын комплекси өткөрүлөт, бул борбордун артыкчылыгы болуп саналат.

Ар жума сайын борбордун кызматкерлеринин күчү менен куурчак театры, спорттук иш-чаралар, өнүгүү сабактары жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Балдарга ыктыярчылар (волонтерлор) келип турушат.

Борбордо балдарга кызмат көрсөтүү жана алардын ата-энелеринин ыңгайлүүлүгу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий