Эмгек министрлиги кесиптик окууга жолдомо ала тургандардын тизмесин кеңейтти

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кесиптик окутууга жолдомо алуу үчүн кайрылгандардын тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, эми ишке орноштуруу кызматтары расмий катталган жумушсуздарды гана эмес, жумуш издеген жарандарды да кесиптик окутууга, кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Министрлик кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга орноштурууга жолдомо алуу үчүн кайрылууга укугу барлардын тизмесин кеңейтти.

Азыр алардын катарына бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр (эркектер үчүн 63 жашка чыга элек жарандар, аялдар үчүн 58 жаш), окуу жайларда күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар, ошондой эле 5 сотыктан ашык жер участогу бар жарандар кирет.

Акы төлөнүүчү коомдук иштер аркылуу алыскы райондордун жумушсуз калкын 10 айлык мөөнөткө тейлөө үчүн агенттерди жалдоого болот.

Ошондой эле Кыргызстанда кесиптик багыт берүү жөнүндө жобо бекитилди. Кесиптик багыт — бул адамдын жеке мүмкүнчүлүктөрүнө, өзгөчөлүктөрүнө жана коомдун муктаждыктарына ылайыктуу кесипти тандоого жардам берген кесиптик маалымдоо, кесиптик кеңеш берүү, кесиптик тандоо жана кесиптик адаптация боюнча чаралардын тутуму.

Пикир

Оставить комментарий