• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги Россияда кароосуз калган эки наристени Кыргызстанга кайтарды

Коом 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки баланы Кыргызстанга кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек кыргызстандык мекенине кайтарылды.

Бардык кайтарылган балдар үчүн Министрлик биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий