Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында “Коомчулуктардын демилгеси менен ишке ашкан долбоорлор аркылуу экономикалык колдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү” темасындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын бизнес-форуму болуп өттү. Форумга Социалдык контракттын катышуучулары да катышты.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Гулжанат Раимбекова 2022-жылы Социалдык контракт долбооруна катышып, алган акчасына 8 баш кой сатып алган. Койлорду багуудан сырткары кошумча самын өндүрө баштаган. Дизайнерлер менен келишим түзүп, өндүрүлгөн товарларын кутулоо (упаковка) жасоо боюнча иш алып барууда. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) тиешелүү сабактарын алып, самын жазаганды муктаж болгондорго бекер үйрөтүү кыялын ишке ашырды. Бүгүнкү күндө 4-тепкичтеги насаатчы даражасын алып, тренер болуп иштөөдө.
Ал эми Ысык-Көл районунун Бает айылынын тургуну Айзада Токсомбаева 2022-жылы 100 000 сом алып, самын, айна чыгаруучу чакан цех ачып, иштетип жатат. Айзада айым дагы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) тиешелүү сабактарын алып, жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү бизнес-форумуна катышты.
Белгилей кетсек, Гүлжанат айым ишкердигин өркүндөтүү максатында пайызсыз кредит алуу астында турат.
Пикир
Оставить комментарий