• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн окуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарында чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү иш менен камсыз кылуунун жеке агенттиктери үчүн окуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, катышуучуларга этикалык нормалар жана эмгекке тартуунун стандарттары, анын ичинде мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери тууралуу айтылды.

ICMPD эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чара жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин потенциалын жогорулатууга багытталган.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, учурда республикада дүйнөнүн 28 өлкөсүндө жумуш табууга жардам берген 170 жеке ишке орноштуруу агенттиктери иштейт.

Пикир

Оставить комментарий