Эмгек министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн социалдык контрактты колдоого окутууда

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн социалдык контрактты колдоого окутууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Ага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, шаардын вице-мэрлери жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышууда.

Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, социалдык контрактты ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары министрликтин өнөктөшү болуп саналат.

Учурда окутууга Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү катышууда жана бул окутуу бүткүл республика боюнча өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий