• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Эмгек министрлиги: Жети айда жеке ассистенттерге 763 млн сом төлөндү

Экономика 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда ушул жылдын жети айында жеке ассистенттерге 763 млн 162,1 миң сом төлөнгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 млн сомго көп.

Ведомство 1-августка карата республика боюнча 14 513 жеке ассистент бар экенин билдирет (өткөн жылы 13 468 болгон).

2024-жылдын 1-июлунан тартып жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн айына 7681 сом өлчөмүндө төлөм белгиленген. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта жеке ассистенттер патент алуудан бошотулуп, бирок камсыздандыруу полистерин алуу зарылчылыгы калды.

Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 31 27 42

Пикир

Оставить комментарий