Эмгек министрлиги жылдын I жарымында эмгекке тартылган 39 баланы аныктады

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын I кварталында өлкө аймагында эмгекке тартылган балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык бөлүмдөрдүн маалыматына таянып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүксүз текшерүү жана рейддер ишканаларда, айрыкча айыл чарба жана соода, тамак-аш тейлөө секторлорунда жүргүзүлүп, анда балдар эмгегин пайдалануу учурлары көп кездешет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен урмуштук оор кырдаалга туш болгон ар бир бала үчүн балдарды коргоонун Жеке планы иштелип чыгып, анын негизинде турмуштук оор кырдаалдан чыгууга багытталган балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт.

Ошентип, жылдын I кварталда ишке тартылган 37 бала жана балдар эмгегинин эң начар түрлөрүндө иштеген 2 бала аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий