• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Эмгек министрлигинде аялдардын лидерлигин илгерилетүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, бул мамлекеттик программа аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын бардык деңгээлдеги — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан баштап мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына чейинки чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун колдоого багытталган.

"Биздин жалпы аракеттерибиз аялдарга өзүн көрсөтүүгө, потенциалын ишке ашырууга жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга шарт түзүүгө багытталышы керек. Бул үчүн аялдар үчүн билим берүү программаларын жана атайын тренингдерди киргизүү зарыл. Чечим кабыл алуу процесстерине алардын катышуу деңгээлин жогорулатуу, аялдардын лидерлик орундарды ээлешине тоскоол болгон тоскоолдуктарды жана басмырлоочу тажрыйбаларды жоюу", - деди ал.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү ачык сынактын жыйынтыгында облустук жана муниципалдык кадрдык резервге алынган аялдардын үлүшү дээрлик 30%га чейин өскөнүн белгиледи. Мамлекеттик органдардын башка өкүлдөрү да Мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча маалымат беришти.

“Кийинки жылдын негизги милдеттеринин бири – аялдарды жетекчилик кызматтарга даярдоо жана кызматка дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу системасын калыптандыруу”, - деп сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий