• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Эмгек министрлигинде бир катар социалдык кызматкерлер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сыйлыктарды министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев тапшырды. Ал үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлык ээлерин куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүктөрүнө ийгиликтерди каалады.

Көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн Жогорку Кенештин Ардак грамотасы менен министрликтин борбордук аппаратынан 4 кызматкер жана түзүмдүк бөлүмдөн 2 кызматкер сыйланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынан, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 105 кызматкер Социалдык коргоонун отличниги төш белгиси жана 122 кызматкер Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен министрликтин борбордук аппаратынын 5 кызматкери сыйланышты.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылыч Абышев кызматкерлерди куттуктап келип, министрликтин 13 кызматкерине Алкыш баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий