• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эмгек министрлигинде социалдык коргоону күчөтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Россиянын Финансы министрлигинин Илимий финансы институтунун делегациясы менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда "Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу" багытынын алкагында социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо, методологияны өркүндөтүү маселелери даректүү мамиленин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарды дайындоого муктаждыкты баалоо жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий